Акыретке көчүүсү

Абул-Фарук Сүлайман Хилми ТУНАХАН (К.С.) (СИЛИСТРАВИ) 1959-жылы 16-сентябрда шаршемби күнү (хижрий 13-рабиулаввал 1379) шам намазынан кийин 72 жашында Кысыклыдагы өз үйүндө дүйнөдөн кайткан. (Каддесаллаху сиррахул- аъаз).

Сулайман Хилми Азиреттери, «Фатих» медреселеринин «Дарсиаам» устаздарынан болгондуктан, «Фаатих» жума мечитинин бакчасындагы «Дарсиаам» устаздар үчүн ажыратылган мазарга койулуусуна, жогорку кеңеш мүчөлөрүнөн уруксат алынат. Бирок, ошол учурдагы ички иштер министри Намык Гедиктин каршы чыгуусу натыйжасында, «Каражаахмет» көрүстөнүндө милиция кызматкерлери тарабынан казылган мүрзөгө көмүлүүсүнө мажбур калынат. Кийинрээк айланасы ачык абалда, мармардан болгон жети тиректин үстүнө отургузулган күмбөздүү мүрзөсү, азырга чейин дүйнөнүн чар табынан келген момундардын зыярат жерине айланган.

Аллах Таалам сүйүүчүлөрүнү жана бардык момундарды шапаатына жеткирсин.