Билим алуусу

Сулайман Хилми Азиреттери (к.с) алгачкы билимди 1902-жылы Слистрадагы «Рушдия» мектебинде аяктаган. Ушул жылы Слистрадагы «Сатырлы» медресесинде окууга баштап, бул жерден негизги арапча сабактарды үйрөнгөн. Кийинрээк билимин жогорулатуу үчүн атасы тарабынан 1907-жылы Стамбулга жиберилген. Атасы аны Стамбулга жиберип жатып ушундай дейт:

«Уулум! Усул ул-Фикх илимин жакшы үйрөнсөн диниңде бекем болосун. Мантык илимин жакшы үйрөнсөң илимиңде кубаттуу болосун.»

Сулайман мырза Азиреттери Стамбулдагы илим жашоосуна өз заманасынын залкар аалымы, атактуу аалым Ахмат Хамди Барфий Мырзанын сабак чөйрөсүндө баштады. Окуу мезгили боюнча «Хафыз Ахмад Паша» медересинде жашап, сабактарды «Бахри Сафед (Сахни Саман)» жана «Чифте баш куршунлу» медреселеринде окуду. Ахмад Хамди Барфий мырзанын кол астында сабактарды толук үйрөнүп 1913-жылы биринчилик менен уруксатнааманы колго киритти.

1914-жылы Октябрь айында «Дар ул-Хилафат ал-Аалийя» медресесинин жогорку бөлүмүнө жазылып, биринчи жана экинчи курстарды сынак аркылуу жеңип өтүп, үчүнчү курстан окууга баштады. 1916-жылы «Дар ул-Хилафат ал-Аалийя» медресесинин жогорку бөлүмүн аяктады.

1916-жылы доктурантура үчүн 3 жылдык «Мадрасат ул-Мутахассисин» адистер медресесинин Тафсир жана Хадис бөлүмүнө тапшырды.

Алгачкы эки жылды ийгиликтүү аяктаган соң 1918-жылы жыйырма курсташы менен бирге буларга «Шейх ул-Ислам» даражасы сунулуп, падыша Мухаммед Вахидуддин Хандын экинчи каалоосуна ылайык Стамбул мударристик диплому берилип, «Дарсиаам» (жогорку даражадагы жалпы илим берүү укугуна ээ болгон аалым жана адис) даражасына ээ болду. 1919-жылы 27-Майда «Сулаймания» адистер медресесинин Тафсир жана Хадис бөлүмүн биринчи даража менен бүтүрдү.

«Мадрасат ул-Мутахассисин» Сулаймания адистер медресесин бүтүргөндөн кийин «Мадрасат ул-Кузат» укук факультетине кирүү сынактарынан биринчилик менен өттү. Кубанычы ичине батпай бул кабарды атасына маалымдаган кезде атасынан төмөнкүдөй телеграмманы алды:

«Сулайман! Мен сени тозокко жолдо максатында Стамбулга жиберген жокмун.»

Атасы бул телеграмма аркылуу, пайгамбар мырзабыз (с.а.в)дын «Үч казынын экөөсү тозокто.» (Сунани Термизий) маанисиндеги хадиси шарифин эскертти.

Сулайман Хилми Азиреттери атасына жазган жооп катында, «Санаасы казылык жана акимдик кылуу эместигин, максаты; заманасынын дүйнөлүк жана дин илимдеринде маалыматын ашыруу» экендигин билдирди. 1919-жылы «Мадрасат ул-Мутахассисин» Сулаймания адистер медресесин аяктап «Дарсиаам» болгондой эле, 1923-жылы 4 жылдык «Мадрасат ул-Кузат» укук факультетин дагы бүтүрүп «Казылык» мандатына ээ болду. Ушунтип өз доорунун дүйнөлүк жана диний илимдеринде жогорку даражаларга жетишти. Сулайман Мырза Азиреттери өзгөчө Астрономия илимин дагы үйрөнгөн.

Сулайман Хилми Азиреттеринин «Дар ул-Хилафат ал-Аалийя» медресесинин «Кысмы Аалий» бөлүмүнүн үчүнчү курсунда окуган сабактары жана алган баалары төмөнкүдөй:

  • Тафсири Шариф: 10
  • Хадиси Шариф: 10
  • Илми Фикх: 9
  • Усули Фикх: 10
  • Хилафият(Салыштырмалуу Ислам укугу): 10
  • Илми калам (Акаид): 10
  • Философия: 10
  • Укук жана мыйзам: 9
  • Арап адабияты: 10
    Жалпы: 88

1919-жылы 27-Майда бүтүргөн «Сулаймания» адистер медресесинин акыркы курсунда окуган сабактары жана алган баалары ушулар:

  • Тафсири Шариф: 10
  • Усули Хадис жана Накди рижал: 10
  • Хадиси Шариф: 10
  • Табакат ул-Курра вал муфассирин: 10
  • Докторантуралык иши: 9 + 2/7
    Адаты васат (ортоломо): 9 + 9/14

Ушундай эле «Мудрасат ул-Кузат» укук факультетинден алган дипломундагы окуп сынак тапшырган сабактарынын кээ бирөөлөрү:

  • Рим укугу,
  • Саккы шарий (шарий иш-кагаздары),
  • Кургактыктагы соода укугу,
  • Деңиг соода укугу,
  • Мамлекеттер ортосундагы өз ара укуктар жана башка.