Өмүр Баяны

Сулайман Хилми Тунахан Слистравий (Куддиса сирруху) Азиреттери 1888- (Хижранын 1305-) жылы, бүгүнкү Болгария мамлекетинин Слистра аймагынын Разград шаарындагы «Фаркаттар» айылында дүйнөгө келет. Атасы, Кожозаада (окумуштуулар тукумунан) Осмон Фаузий Мырза (1845-1928) Стамбул медреселеринде билим алып, Слистрадагы «Сатырлы» жана «Ажы Акмат Паша» медреселеринде көп жылдар сабак берген атактуу мугалим болгон. Энеси, Хадича Айым. Чоң атасы, «Каймак Хафыз» ылакабы менен таанылган, Курани Каримди жат алган Каары Махмут Мырза, узак өмүр көрүп, бир жүз он жаштарына жакындап калганда дүйнөдөн кайткан.

«Кожозаадалар» (окумуштуулар урпагы) деп билинген бул насили таза үй-бүлөнүн чоң аталары, Сейит Идрис Бийге барып такалат. Идрис Бий, Фатих Султан Мухаммед Хан Азиреттери тарабынан Дунай элине Хан дайындалган.

Сулайман мырза Азиреттери , мамлекетте «Аты-жөнү» тууралуу мыйзам кабыл алынганга чейин, ата-бабалары сыяктуу «Кожозаада» ылакабын колдонгон. 1934-жылы, Туркия мамлекетинде «Аты-жөнү» тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин «Тунахан» аты-жөнүн кабыл алган. Жаш кезинде кайтыш болгон уулу, Фарук себеби менен «Абул Фарук» аты менен дагы таанылган.

Атасы Осман Мырза, Стамбулда окуп жүргөн кездеринде, кызык бир түш көрөт. Түшүндө денесинен чыккан бир үзүм бөлүктүн , асманга көтөрүлүп, жер бетине нур чачканын, жер жүзүн жарытканын көрөт жана бул түштү «Балдарынын арасынан дүйнөнү руханий нурга толтуруучу, жарытуучу ” бир баланын төрөлүүсү маанисинде жоруйт.

Слистрага кайткандан кийин үй-бүлө курат. Дүйнөгө келген Фахим, Сулайман Хилми, Ибрахим жана Халил атындагы төрт уулунун арасынан түшүндө көргөн касиеттерди Сулайман Хилмиде байкайт. Анын тарбиясы, жетишүүсү үчүн өзгөчө кам көрөт.