Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (С.А.В.)

Дүйнөдө жана акыретте шарапаттуу, пазилеттүү жана жакшы адам болуу, ааламдарга мээрим үчүн жөнөтүлгөн пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (с.а.в.) ды жакшы билүү, жакшы түшүнүү жана ага чыныгы үммөт болуу менен гана мүмкүн. Бир адам пайгамбарыбызды билбей, тааныбай жана сүйбөй туруп эч бир нерсе менен шарапаттуу жана пазилеттүү боло албайт.

Пайгамбарыбыздын аты – Мухаммед, атасынын аты – Абдуллах, энесинин аты – Амина. Энесинин курсагында жети айлык кезинде атасы дүйнөдөн кайтат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Миладий жыл санагы менен 571-жылдын апрель айынын жыйырманчы кечесинде, Хижрий жыл санагы боюнча Раббиуль Аввал айынын дүйшөмбү күнү таңга маал Меккеде төрөлгөн. Төрөлгөн убакта эч бир ымыркайга окшобой, андагы пайгамбарлык нуру караган көздөрдү уялтаар эле.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) төрт жашка чейин сүт энеси аз. Халиманын жанында өскөн. Андан кийин үй-бүлөсүнө кайтарылган. Алты жашында энеси аз. Амина көз жумган. Андан кийин пайгамбарыбызды чоң атасы Абдулмутталиб жанына алган. Энесинин кайтышындан эки жылдан кийин сегиз жашында чоң атасы да дүйнөдөн кайтат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) атасынын бир тууганы Абу Талибдин карамагында өсөт.

Пайгамбарыбыздын балалыгы жана өспүрүм чагы, жаштык жана үйлөнгөн мезгилдери, кыскача айтканда бардык өмүрү эч бир адамга насип болбогон пазилет жана берекет менен өткөн.

Жыйырма беш жашка келгенде аз. Хадижатул Кубраа энебизге үйлөнгөн. Эч бир убакта, эч качан буддаларга сыйынган эмес. Балалык чагындан эле аларды эч жакшы көрчү эмес. Аз. Ибрахим пайгамбардын дининде Аллахка кулчулук кылаар эле. Кез-кез Меккенин жанындагы Хира тоосуна барып, Аллах Тааланын кудретин жана улуулугу жөнүндө ойлонот болчу. Аллах таала пайгамбарыбызга тээ эзелтен брип койгон махабат, сүйүү деңизиге балкып, жүрөгүндөгү тавхид нуру менен Аллах тааланы зикр кылаар эле.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дагы бир күн Хира үңкүрүндө, өзүнө тиешелүү назик бир ааламга баткан кезде Жабраил (а.с.) Аллах Тааланын буйругу менен ага пайгамбарлык милдетти билдирүү үчүн келет. Адамзаттын куткаруучусу, Аллах Тааланын сүйүктүү кулу Азирети Мухаммед (с.а.в.) га:
«-Оку!» – дейт.

Пайгамбарыбыз (с.а.в):
«- Мен эмнени окуйун?» – деп жооп берет.

Жабраил (а.с) Пайгамбарыбыз (с.а.в)ди кучактап кайра койуп жиберди.

Жабраил (а.с) кайта:
«- Оку!» – дейт.

Пайгамарыбыз (с.а.в) эмнени окуюн деди эле. Жабраил (а.с) Пайгамбарыбыз (с.а.в)ди кучактап кайра койуп жиберди.

Үчүнчү жолу кайра оку деди.

Пайгамарыбыз (с.а.в) эмнени окуюн деп кайра сурады?

Жабраил (а.с) Пайгамбарыбыз (с.а.в)ди үчүнчү жолу маарек көкүрөгүн сыгып кайра коюп жиберди. Мына ушундайча пайгамбарыбызга руханий бир өзгөчө өзгөрүүчүлүк жасалды.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) Куран Каримдан биринчи ирет түшүрүлгөн аяттарды окуй баштады. Аяттардын мааниси төмөндөгүдөй:

“Жараткан эгеңдин аты менен, Оку! Инсанды ал уйуган жандан жараткан. Оку. Сенин эгең абдан Айкөл-заттуу. Ал (инсанга) каалем менен жазууну үйрөткөн.” Ущул маанидеги Алак сүрөсүнүн алгачкы 4-аятыны окуду.

Ушундайча Азирети Мухаммед (с.а.в.) га пайгамбарлык милдети берилди. Кураны Карим жыйырма үч жылда түшүп бүттү. Он үч жыл адамдарды Меккеде чыныгы туура жолго чакырды. Көптөгөн кордуктарды жана азаптарды чекти. Бардык нерсеге сабыр кылып Аллах Тааланын бар экендигин, жалгыздыгын жаюуга аракеттенди. Андан кийин Мадина Мунавварага хижрет кылды (көчтү).

Он жыл ал жерде пайгамбарлык милдетин бардык күчү менен ордуна келтирүүгө аракеттенди. Адамдарга адамгерчиликти жана маданиятты үйрөттү. Караңгы көңүлдөрдү Ислам нуру менен жарык кылды. Ушундайча милдетин толук аткарды. Пайгамбарыбыз 63 жашында дүйнөдөн кайтты. Адамзат ааламыны туура жолго баштоочу болгон Кураны Каримди жана сүннөт жолун осуят кылып аманат калтырды.

Салаваттар жана саламдар сага эй Аплахтын элчиси. Сени эң жакшы тааныган жана мактаган зат, ааламдардын тарбиячысы Аллах Таала болот. Сен Рахматан лил ааламиинсиң, Сен ааламдарга мээримсиң. Адамзаттын жана жиндердин пайгамбарысың. Сен Хатамул Анбиясың, Сен «Лавлаака Лавлаака ламаа холактул Афлаака» маарек сөзүнүн ээсисиң. Сен Мухаммед Мустафасың (с.а.в).