Чыгармалары
Сулайман Хилми Азиреттери, Осмон мамлекетинин акыркы доорлорунда жетишкен улуу Ислам аалымы болуусуна карабай, көп китеп жазган эмес. Өзүнөн «Эмне үчүн китеп жазбайсыз?» деп суралганда, ушундай ачыктаган:
«Эски Ислам аалымдарынын шам жарыгында жазган, баа жеткис казына сымал чыгармалары топуракка көмүлүп чирип, бир нерселерди ороо максатында дүкөндөргө тапшырылып же таштандыларга улактырылып жаткан доордо, жана бир бөлүгү китепканалардын текчелеринде чаң басып, урап бараткан учурда жаңы китеп жазуудан көрө, жазылган кымбаттуу китептерди окуп, түшүнүп, түшүндүрүүчү жана илимди барактардан жүрөктөргө алып кирүүчү, китептердеги маалыматтарды жашатуучу талабаларди, башкача айтканда, тирүү китептерди жетиштирүүнү эң туура деп чечтим.»
Муну менен бирге Сулайман Хилми Азиреттеринин жазган кээ бир чыгармалары ушулар:
- «Куран тамгалары жана харакелери, Курани Каримди кыска убакытта окуганды үйрөнүүнүн жаңы тартиби жана шарттары.» китеби. Сулайман Хилми Азиреттеринин жазып, көзү тирүү кезинде, 1958-жылы бастырып чыгарган бул чыгармасын, Ыйык Куранды окуганды үйрөткөн алиппе китеби деп айтса болот. Бул чыгармадан күнүбүзгө чейин миллиондаган адамдар Куран окуганды үйрөнгөн, дагы деле үйрөнүүдө.
- «Рисала-и Кибрити Ахмар жана Рисала-и Улум ва маарифат»
- «Каттар жана кээ бир маанилүү маселелер»
Бул акыркы эки чыгарма «тасаввуф» илимине тиешелүү болуп, Имам Раббаний Азиреттеринин «Мактубат» аттуу чыгармасынын жыйынтыгы катары колдонсо болот.
- «Амма» парасын тафсирдеп, ачыктап жаткан учурунда, окуучулары тарабынан жазып алынган кол жазма маалыматтар.
- Фатиха, Мүлк, Нур, Ахзаб, Кыямат сүрөлөрүн жана башка кээ бир сүрөлөрдү тафсирдеп, ачыктап жаткан учурунда, окуучулары тарабынан жазып алынган кол жазма маалыматтар.