Сиңирген эмгектери жана көрсөткөн кызматтары
Сулайман Мырза 1919-жылы «Дар ул-Хилафат ал-Аалийя» медресесинин жогорку бөлүмүн аяктагандан кийин, 1920-жыл 1-Инюьдан баштап «Дарсиаам» катары кызматка баштайт. 1922-жылда «Дар ул-Хилафат» медресесинин «Ибтида Хариж» бөлүмүнүн биринчи курстарына түрк тили мугалими болуп дайындалат. Артынан 1923-жылы арапча (сарфи арабий) кийинрээк кайра түрк тили мугалими кызматтарында иштейт.
Бул мезгилде 1922-жыл 1-Ноябрь күнү Осмондуу дөөлөтүү жойулат. Артынан 1924-жыл 3-Мартта жаңы Туркия мамлекети тарабынан кабыл алынган «Тавхиди тадрисат» мыйзамына көрө медреселер алгач Билим минстирлигине өткөрүлүп берилет, бир аз убакыттан кийин медреселердин иштөөсү толугу менен жок кылынат.
Сулайман Хилми Азиреттери өзү иштеп жаткан «Сулаймания ибтида хариж» медресеси «Имам Хатиптер» мектебине айлантырылгандан кийин, ошол убакыттардын шарттары жана иштеп жаткан саясаттын таасири менен ал жерлерде мындан ары жетиштүү диний тарбия берүү мүмкүнчүлүгү калбагандыктан өз каалоосу менен иштен кетет.
“Тавхиди тадрисат” мыйзамы себептүү мударристер (дин илимдерин үйрөтүүчү устаздар) четте калат. Сулайман Мырза, өзү дагы мүчөөсү болгон 520 чактагы “Жамияти мударрисин” Стамбул мударристер жамааты чогулушунда, “болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн, диний илимдердин унутулуп кетүүсүнө себеп болотургандыгын” баяндап мындай деп эскертет:
“Оо Дарсиаам устаттар! Сиздер бул мамлекеттин бүгүнкү динин камсыздоочу адамдарсыздар. Экиден, үчтөн адамды окутуп, аларга диндерин үйрөтсөңүздөр, эң аз элүү жылга, бир эки урпакка Исламдын жашоосун узарткан болосуздар. Мындай кылбасаңыздар эртең; Аллахтын астында жакаңарды жоопкерчиликтен куткара албайсыңар.!
Бирок мударристер: «Мындан ары устаздыкта бизге аш жок. Бизге сунушталган башка кесиптерде иштей беребиз.» деп айтышат.
Сулайман Мырза Азиреттери аларга:
«Мырзалар! Устаздык бир кесип эмес, арам тамакты багуучу иш тармагы эмес. Устаздык бул; Аллахтын, Расулаллахтын, Аллахтын китебинин жана дининин жайуучусу, жарчысы, жеткирүүчүсү болуу милдети.» деп жооп берет.
Сулайман Мырза Азиреттери аягында кээ бир мударристерди бирге өкмөткө төмөнкү кайрылууну жазууга көндүрдү:
“Биз, астыда аты-жөнү жана колу көрсөтүп өтүлгөн дарсиаамдар, өкмөтүбүздүн “Харби умумий” “жалпы согуш” деп аталган оор оопаттын оозунан жакында гана кутулганынан улам, мамлекеттик казынанын кыйын акыбалда экенин эсепке алып, диний жана Исламий илимдерди өз каалообуз менен каражат жана каржылоо талап кылбаган абалда окутууга даяр экенибизди билдиребиз.”
Бирок бул кайрылууга:
«Мамлекетибизде Тавхиди тадрисат мыйзамы (бир тармактуу сабак окутуу тизими) өкүм сүрүүдө, ага каршы аракет жасагандар катуу кыйноого кабылат.!» деген жооп келет.
Сулайман Хилми Азиреттери, 1926-жылы акыркы жолу төрөлүп өскөн кыштагы “Фаркаттар” айылын зыярат кылып ал жерде кырк күн калгандан кийин Туркия мамлекетине кайтып келет. Эки жылдан кийин (1928-жылы) атасы Осмон Мырзанын каза болгондугу тууралуу кабар келет.
Өтө оор шарттарга карабастан дин илимдеринин унутулбоосу үчүн бар күч-кайраты менен аракет кылган Сулайман Мырза Азиреттери, ал күндөрдүн татаал шарттарын ушундай эстейт:
Бир замандар мамлекет кызматкерлеринин айлыктарычалык акча төлөп болсо дагы талебе окутууну кааладым, табалбадым. Акчаны алып качып кетишет эле. Анткени, коркушат болчу. Бул илимдер жер жүзүнөн жок болуп кетет деп абаябай чочудум. Бирок, кийинрээк Аллах таалам ар түрдүү себептер жаратып окутуу мүмкүнчүлүгү берди. Жашы улуулардан баштадык, кийин жаштар келди. Мына азыр жүрүшөт. Мунун баары Аллах тааланын бизге тартуулаган сый жана сыйлыгы.
Ал доорлордо үзгүлтүксүз милиция күзөтүүсүндө болгон Сулайман мырза 1930-жылы Стамбулдан алыстап Чаталжа шаарчасынын Кабакча айылындан ижарага чарба жери алат. Бир шериктеш ишмер менен бирге, красин майы саткан бир дүкөндүн Тракия аймагындагы соода укугун сатып алат. Ижарага алынган чарбада иштөөчү адамдар арасынан окууга жөндөмдүүлөрүн тандап алып сабак окутат. Бул абал жандармдар тарабынан маалым болгондон кийин, жакын жердеги «Кушкая» деп аталган чокуга келип жерлешет. Кийинрээк Стамбулдагы Силиври районунда эмен жыгачы көмүрүн иштеп чыгаруу үчүн ижарага алынган токойдун тынч жеринде сабактарын окутууга улантан.
Бул кызматтары дагы ортого чыккандан кийин 1933-жылы Туркиянын түштүк тараптарына карай жол алат. Ал жакта тоо этегинде жайгашкан «Торослар» жайлоолорунда сүтчүлүк кылып талебе окутат. Шаарлар ортосундагы трамвай каттолорунда, вагондордо дагы сабак окутат. Талебе табалбай калган учурларында эки кызын окутуп аларга уруксатнаама берет.
Бир тараптан Стамбулда «Доганжылар», «Азиз Махмуд Худайи», «Йагкапани», «Софта Хатип», «Үч михраплы», «Касымпаша Жамий-и Кабир», «Пийалепаша», «Ага Жамий-и», «Арап Жамий-и», «Арпажылар Жамий-и», « Асмалы Масжид», «Кысыклы Жамий» сыяктуу кичик мечиттерде жана «Шехзадебашы», «Лалели», «Фатих», «Сулаймания», «Султан Ахмед», «Баязид», «Йени Жамий» сыяктуу чоң мечиттерде насаат жана баят айтуу кызматтарын аткарган.
Бул кызматтары менен бирге мечиттердин бөлмөлөрүндө, үйлөрдө, көп кабаттуу имараттардын жер төлөлөрүндө негизги кызматы болгон талебе окутуу кызматына дагы уланткан.
Айтор баян жана насааттарынын таасирдүүлүгүнөнбү, же ахли сүннөт вал жамаат ишенимине болгон байланышынын бекемдигиненби? Коомчулук тарабынан өзгөчө сүйүү жана сыйга, миңдеген чөйрөнүн ишенимине ээ болгон Сулайман мырза азиреттеринин окуучуларынын арасында, эми ар түрдүү курактан,
түрдүү кесип ээлери бар.
Сулайман мырза 1950-жылдардан кийин ортого чыга баштаган кээ бир мүмкүнчүлүктөрдөн туура пайдаланып, жүрөгү таза, кулагы насаатка ачык кээ бир бай-барктуу адамдардын дагы жардамы менен кызматтарын көб эсе алдыга жылдырат.
Ушунтип 1951-жылы бир ишмердин Үскүдар шаарчасы Чамлыжа кварталындагы эски вилласынын биринчи кабатында, жыйырма беш чакта окуучу үчүн ылайыкташкан алгачкы жатылуу Куран курсун ачат. Кийинки жылдары өзүнүн үйүндө,Чамлыжа кварталы жана чөйрөсүндөгү ижарага алынган үйлөрдө, Азиз Махмуд Худайи чилдеканасынын жанындагы бир имаратта сабак окутууну баштайт. Ошол эле жылдары, Стамбулдун европа жээгиндеги «Шехзадебашы» жана Вефа кичи районундагы «Таштекнелер» (Молла Хусрав) мечиттеринде, имам жана азанчылардан баштап көптөгөн талебелерге сабак окутат.
Сулайман Хилми мырза, мурда медреселерде узун жылдар окутулган сабактарды, замандын шарттарына жараша кыска убакытта окуткан. Мындай кыска убакытта талебелерге бул илимдерди окутуусуна кээ бир адамдар тарабынан сын пикирлер айтылганда, Сулайман Хилми азиреттери аларга ушундай жооп берген:
«Мырзалар, Үммөтү Мухаммадтын балдары сел болуп тозокко агып бараткан бир учурда, үммөт, бул илимдердин беш-он жылда окуутулуусуна чыдап тура алабы? Биз балдарыбызга илимдердин ачкычтарын карматып жатабыз. Алар бул ачкычтар менен китептердин жана китепканалардын кулпуларын өздөрү ачып алышат.»
Сулайман Хилми азиреттери сабак окутууга алгач Курани карим жана башталгыч «Илмихал» сабактарын үйрөтүү менен баштайт эле. Кийин арап тили морфология (сарф) сабагынан; «Амсила», «Бина», «Максуд» китептерин, арап тили грамматика (нахв) сабагынан; «Авамил», «Изхар», «Кафия», «Шархи Молдо» китептерин, илми калам (акаид) сабагынан; «Акаиди Насафийя» жана «Касидаи Амалий» китептерин, фикх илминен; «Нур ул-Изах» жана «Кудурий», усули фикх илминден; «Мухтасар ул манар», мантык илминен «Исагожий», бадиъ жана баян (арап адабияты) сабактарынан; «Алака» жана «Талхис ул Мифтах» жана «Мухтасар ул мааний» сыяктуу арапча чыгармаларды окутат эле. Жогору даражадагы сабактар окутулган «Такамул» бүтүрүүчү талебелерине болсо, акаид илминден; Садуддин Тафтазанийдин «Шарх ул Акаид» китебин, фикхтан; Молдо хусравдын «Дурар ул-Хуккам» чыгармасын, усул фикх илминен; дагы Молдо Хусравдын «Мират ул Усул» китебин жана Хадимийдин «Мажма ул-Хакаик» чыгармасын, мантык илминен; Али ал-Казвинийнин «Шамсиййа» китебин окутуп, убакыт жана шарттарга көрө «Фараиз» (Исламдагы мурас бөлүшүү), «Тафсир», «Усули Тафсир», «Хадис» жана «Усул ул-Хадис» илимдерине тиешелүү китептерди үйрөтүп «Ижааза» уруксатнаама берет эле. Мунун менен бирге окуучуларына астрономия жана медицинага тиешелүү маалыматтар үйрөтүп, аларды болуп жаткан жаңылык жана өнүгүүлөрдөн кабардар кылып турат эле.
Окуткан талебелерин Устаздык кылуулары үчүн түрдүү жерлерге жөнөтүү менен сабак чөйрөсүн дагыда алыстарга жайган Сулайман Хилми азиреттери, өзгөчө Орозо айларында аларды баян жана насаат айтуулары үчүн Анадолу жана Тракянын чар тарабына жиберет болчу.
Бир тараптан бүтүрүүчү талебелерин мамлекет тарабынан уюштурулган сынактарга даярдап, бир тобунун Азирети Муфтий, Баян жана насаат айтуучу, Имам же Куран курстарында устаз болуп кызмат кылууларын камсыздаган. Окуучуларынын жалгыз илимий жана руханий жактары менен чектелиб калбай,аларды өз балдарындай көрүп, жеб-ичүү, кийим-кече, ден-соолук сыяктуу маселелери менен дагы жакындан кабардар болгон.
Сулайман Хилми азиреттери баян-насаат жана талебе окутуу кызматтарын аткарып жатканда бир канча жолу күзөтүүгө алынат, милиция бөлүмдөрүнө чакырылып суроого тартылат, кээ бир убакыттарда Стамбул коопсуздугу биринчи бөлүмү тарабынан, шарттарынын өтө жаман экендигине байланыштуу «Табыт» деп аталган көзөмөлдөө бөлмөлөрүндө катуу кыйнооларго дуучар болот.
Сулайман Хилми азиреттери өз өмүрүн адамдарга диндерин, асыл адамгерчилик сыпаттарын үйрөтүүгө багыштап, бул жолдо көптөгөн сыноолорду, кыйноолорду баштан өткөрөт.