Руханий жактары

Сулайман Хилми Тунахан Азиреттери амалда Ханафий (Имам Аъзам) мазхабында, ишенимде Матурудий акыйдасында болуп, тарикатта болсо Накшбандия жолунда болгон. Ахли сүннөт вал жамаатка болгон байланышы бекем, сүйүүсү терең эле. Өзүнөн таалим-тарбия алып Аллахтын нууру менен жетилген талебелерине жана баян-насаатттарын угуучу күйөрмандарына айтуучу эң негизги насааты: «Ахли сүннөт вал жамаат акыйдасына астейдил, бекем ыклас менен байлануу» эле.

Аллах тааланын эзелки жазмышы жүзөгө ашып «Силсила-и Саадаат»тын (Улуу аалым, урматтуу олуя заттардын чынжырынын) 33чү, акыркы чынжыры болгондуктан «Сейиттер санжырасы»нын 32чиси Салахуддин бин Мавляна Сиражуддин (к.с) Азиреттеринин карамагында руханий тарбиясын аяктагандан кийин, Салахуддин Азиреттери ал затты, Имам Раббаний Мужаддид Алфу Ас-Саний Азиреттеринин руханий тарбиясына өткөрүп берди.

Сулайман Хилми Тунахан Азиреттери, дүйнөнүн акыркы кылымдарында, Аллахтын нурунан насибеси болгон адамдарды, руханий кайрымдуулугу менен, ыймансыздык жана адашуу чуңкурунан, ыйман жана ыклас жээгине жетеледи. Күнүбүздө дагы, жетиштирген талебелери аркылуу бул кызматтары уланууда.

Сулайман Хилми Тунахан Азиреттеринин талебелерине жана анын медреселеринде кызмат кылган устаздарына «Сулайманчылар» деп айтылып жатса да, бул наам, түбүнөн акыйкаттан алыс, токума бир ат. Анткени, «Сулайманчылык» деген бир дин, бир мазхаб же бир тарикат жок.

Каапырдыктын ар түрдүүсүнө каршы, илмий жана амалдык күрөш алып барган, акыркы кылымдардын улуу Ислам аалымдарынан болгон Сулайман Хилми Тунахан (к.с) Азиреттери, Ахли сүннөт вал жамаатты коргоп, адашкан агымдар менен кармашып, Исламдын ичине сызып, кирип бара жаткан фитналар менен күрөшкөн. Мына бул сөздөрү менен Ислам ааламына кайрылып ушундай деген:

«Оо Ислам жамааты! Биздин көзүбүз тирүү кезинде, «Аллахтын пайгамбарынын сахабаларына жалган менен жалаа жабылат» -деп күмөндөнүп жатасыздарбы?! (Андай күмөнгө барбаңыздар!) Биз (ахли сүннөт вал жамаат) тирүүбүз.»